Детский музыкальный вокально-хореографический театр «Таберик» представляет Кыргызскую Республику на XX Международном фестивале народных танцев в Турции.
«Таберик» балдар музыкалык вокалдык-хореографиялык ансамбли Түркиядагы эл аралык фестивалда Кыргызстандын атынан өнөр көрсөтүүдө
Бишкек шаарындагы «Таберик» балдар музыкалык вокалдык-хореографиялык ансамбли Түркия Республикасынын Денизли муниципалитетинин чакыруусу менен өтүп жаткан XX Эл аралык элдик бийлер фестивалына катышууда.
Фестиваль 2026-жылдын 29-июнунан 5-июлуна чейин Түркия Республикасынын Денизли шаарында өтүүдө. Бул маданий иш-чара дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген чыгармачыл жамааттарды бириктирип, элдердин достугун, маданий кызматташтыгын жана өз ара тажрыйба алмашуусун чыңдоону максат кылат.
Фестивалдын алкагында «Таберик» театрынын таланттуу тарбиялануучулары кыргыз элинин улуттук бий өнөрүн жана маданий мурасын эл аралык деңгээлде даңазалап, көрүүчүлөргө өздөрүнүн концерттик программасын тартуулап жатышат. Ошондой эле ансамбл фестивалдын салтанаттуу ачылыш аземине, концерттик программаларга жана маданий иш-чараларга активдүү катышууда.
Бул фестивалга катышуу жаш таланттар үчүн эл аралык тажрыйба топтоого, башка мамлекеттердин маданияты менен жакындан таанышууга жана Кыргызстандын маданиятын дүйнөгө таанытууга чоң мүмкүнчүлүк түзөт.
«Таберик» ансамблинин эл аралык фестивалга катышуусу өлкөбүздүн маданиятын жана улуттук баалуулуктарын дүйнөлүк деңгээлде жайылтууга кошулган маанилүү салым болуп саналат.
Детский музыкальный вокально-хореографический театр «Таберик» представляет Кыргызскую Республику на XX Международном фестивале народных танцев в Турции
Детский музыкальный вокально-хореографический театр «Таберик» города Бишкек принимает участие в XX Международном фестивале народных танцев, который проходит с 29 июня по 5 июля 2026 года в городе Денизли (Турецкая Республика).
Фестиваль организован муниципалитетом Денизли и ежегодно объединяет творческие коллективы из разных стран мира с целью укрепления дружбы между народами, развития культурного сотрудничества, сохранения и популяризации народного искусства.
В рамках фестиваля коллектив театра «Таберик» представляет богатое культурное наследие Кыргызской Республики, исполняя национальные танцы и концертные номера. Юные артисты принимают участие в торжественной церемонии открытия, концертных программах, творческих встречах и других культурных мероприятиях фестиваля.
Участие в международном фестивале предоставляет воспитанникам театра возможность обменяться творческим опытом с коллективами из разных стран, познакомиться с культурными традициями народов мира и достойно представить Кыргызстан на международной сцене.
Выступление ансамбля «Таберик» на престижном международном фестивале способствует укреплению культурных связей между странами, популяризации кыргызской культуры и сохранению национальных традиций через искусство танца.



Комментарии