"Кыргызстан балдары" Городской центр творчества школьников (ГЦТШ)

«Таберик»

2026-жылдын 21–25-апрель күндөрү Түркия Республикасынын Эдирне,Симав-Кутахья шаарларында өткөн эл аралык балдар фольклордук фестивалына биздин окуучулар ийгиликтүү катышып келишти.

Фестивалдын алкагында ар түрдүү өлкөлөрдөн келген чыгармачыл топтор улуттук маданиятын, каада-салтын жана бий өнөрүн көрсөтүштү. Биздин “Таберик” элдик бий тобу жогорку деңгээлде өнөрүн тартуулап, көрүүчүлөрдүн жана уюштуруучулардын жылуу кабыл алуусуна ээ болду.

Катышуучулар фестивалга активдүү катышканы үчүн атайын сертификаттар, ыраазычылык каттар жана эстелик сыйлыктар менен сыйланышты. Бул ийгилик окуучулардын талантынын, эмгегинин жана жетекчилеринин талыкпас аракетинин жыйынтыгы болуп саналат.

Аталган иш-чара жаш таланттарды колдоо, маданияттар аралык достукту чыңдоо жана чыгармачылык тажрыйба алмашуу максатын көздөйт.

Биздин окуучуларды жана жетекчилерин куттуктайбыз! Мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!

 

С 21 по 25 апреля 2026 года в городах Эдирне,Симав-Кутахья (Турция) состоялся международный детский фольклорный фестиваль, в котором успешно приняли участие наши учащиеся.

В рамках фестиваля творческие коллективы из разных стран представили национальные традиции, культуру и танцевальное искусство. Народный танцевальный коллектив «Таберик» достойно выступил на международной сцене и получил высокую оценку зрителей и организаторов.

По итогам участия участники были награждены сертификатами, благодарственными письмами и памятными наградами.

Данное мероприятие направлено на поддержку молодых талантов, развитие культурного обмена и укрепление дружеских связей между народами.

Поздравляем наших учащихся и руководителей с достойным результатом и желаем дальнейших творческих успехов!