"Кыргызстан балдары" Городской центр творчества школьников (ГЦТШ)

2026-жылдын 21–22-май күндөрү Улуттук телерадио берүү корпорациясы имаратында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги, Балажан республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору — Кыргызстандагы ЮНЕСКОнун Алгачкы клубу жана Кыргызстандын ЮНЕСКО клубдарынын Ассоциациясы тарабынан уюштурулган «Мен кыргызстандык экендигиме сыймыктанам!» аттуу аймактар аралык республикалык сынак өткөрүлдү.

Сынак Кыргыз Республикасындагы «2021–2026-жылдарга Кыргыз жараны» жарандык иденттүүлүгүн өнүктүрүү концепциясын жана «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктиктер» уңгужолун ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.

Аталган сынакка биздин таланттуу окуучуларыбыз активдүү катышып, жогорку жетишкендиктерди көрсөтүштү.

15–17 жаш категориясында “Элдик бийдин жеке аткаруучулары” номинациясы боюнча Жданов Сергей өнөрүн тартуулап, жыйынтыгында баш байге — Гран-прини жеңип алды. Ал грамота жана баалуу белектер менен сыйланды.

Ошондой эле 15–17 жаш категориясындагы “Вокал” номинациясында Бекбоев Актан катышып, активдүү катышкандыгы үчүн грамота жана баалуу белектер менен сыйланды.

Ал эми 12–14 жаш категориясындагы “Улуттук аспаптарда ойноо” номинациясында Красиков Даниэль мыкты өнөр көрсөтүп, III орунду ээледи. Жеңүүчү грамота жана баалуу сыйлыктар менен сыйланды.

Окуучуларыбызды жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, мындан ары да чыгармачылык бийиктиктерди багындырып, чоң ийгиликтерди жарата беришине тилектешпиз!